“Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттигине мониторинг жасоо үчүн методологиялык чечимдер” конференциясы башталар алдында Жаза аткаруу кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Элгиз Олжотоев vb.kg сайтына «Мен он жылдан ашык тергөө органдарында иштеп, акыркы жылдары кескин өзгөрүүлөрдү көрүп жатам. Кыргызстанда укук колдонуу практикасында мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк көбүрөөк болууда, — деп билдирди. – Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн, адвокаттык жана соттук корпустун, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусундагы азыркыдай жыйын абдан зарыл деп ойлойм. Кылмыш-жаза сот адилеттиги тармагында көйгөйлөр дагы эле бар, аларды биргелешип чечүү керек”.
Элгиз Олжотоевдин айтымында, мамлекет өзү ушундай жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жатканы эле өз жарандарынын укуктарын сактоого кепилдик берет.
“Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму менен «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду биргелешип уюштурган конференция башталар алдында, vb.kg кылмыш-жаза сот адилеттигине мониторинг жасоо механизмин түзүү зарылдыгы боюнча айрым катышуучулар менен пикир алышты.
«Биздин өлкө Европа Биримдигинин «Сот адилеттиги бардыгы үчүн» программасын ишке ашырууда, анын негизги артыкчылыгы укук колдонуу практикасында ишке ашырылып жаткан реформаларга объективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн жарандык сектордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Бирок бул үчүн мындай мониторингди кантип түзүүнү билүү маанилүү”, — деп белгиледи vb.kg сайтына берген маегинде “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун төрайымы Асел Койлубаева.
Албетте, Асел Койлубаева өздөрүнүн ролун биздеги сот адилеттиги системасына жардам берүүдөн гана көрүшөт.
“Мониторинг механизмин түзүүдө биз конференциянын катышуучуларынын – прокурорлордун, судьялардын, адвокаттардын, ыкчам кызматкерлердин, тергөөчүлөрдүн, Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн өз иштеринде укук колдонуу практикасы менен өз ара аракеттенген пикирлерин угууга даярбыз, — деп кошумчалады ал.
– Мындай пикир алышууга мамлекеттик органдарда иштеген биздин кесиптештерибиз да кызыгып жатышат. Карагылачы, канча катышуучу чогулду. Мониторинг — укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз».
«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фондунун төрагасы vb.kgга «биз алардын ишти сапаттуу аткаруусуна тоскоол болгон институционалдык проблемаларды угууга даярбыз. Мыйзам чыгарууда же укук колдонуу практикасында көйгөйлөр болушу мүмкүн. Аларды биргелешип гана аныктап, чече алабыз», — деди.
Долбоордун максаты эң эле актуалдуу экени көрүнүп турат. Укук колдонуу практикасында адам укуктары жөн эле бузулган учурлар дагы эле көп. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошон үчүн «Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы» долбоору коомубузга көбүрөөк мыйзамдуулукту жана адилеттикти алып келе алат.
Анын аталышы да кокустан тандалган эмес. “Акыйкат кареги” сөзүнүн кыргызча маанисин “адилеттик көзү” деп түшүнсө да болот, бул долбоордун маңызына жана милдетине толук дал келет. Ал эми “акыйкат” деген сөздүн философиялык мааниси бар, бул чындыкты, адилеттүүлүктү, элдин көзүн билдирген кыргыз кодексинин бир түрү, ал мыйзамдар колдонулуп жатканда алардын туура сакталышын көзөмөлдөп турушу керек.
«Конференцияда эл аралык стандарттарга жана алдыңкы тажрыйбага негизделген улуттук жана эл аралык эксперттер тарабынан сунушталган методология талкууланат. Жаңы механизм биринчи кезекте кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндөгү реформаларга объективдүү баа берүүгө жардам берет. Ал эми анын негизги максаты – адам укуктарын сактоодо мамлекетибизге көмөк көрсөтүү. Укук колдонуу практикасындагы жетишпестиктерди аныктоо менен аларды жоюунун жолдорун таап, кырдаалды оңдоого болот», — деп «Кылым шамы» укук коргоо борборунун аткаруучу директору Гүлшайыр Абдирасулова өз ою менен бөлүштү.
«Бүгүнкү күндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, адам укуктарын сактоо, жеке маалыматтарды коргоо маселелери күн тартибине коюлуп өтө актуалдуу маселе катары каралууда. Анткени сот адилеттиги тармагында адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоого багытталган ар кандай демилгелерди жарандык секторду катыштырбай ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бирок бул жерде жарандык жана жарандык эмес секторлордун макулдашылган аракети маанилүү экенин өзгөчө белгилегим келет, алардын өз ара келишүүсү зарыл», — деп белгиледи vb.kg сайтына берген маегинде Борбордук Азиядагы кылмыш-жаза сот адилеттиги программасынын мониторинг жана баалоо боюнча координатору Ольга Ткаченко.
Албетте, эки күндүк конференцияда мониторинг механизмин түзүүгө болбойт. Жарандык сектор өз көз карашы боюнча сунуштарын берди. Эми калган иш өз ишинин бир бөлүгү катары кылмыш-жаза сот адилеттиги тутуму менен иштешкен кызматкерлерге байланыштуу. Аларга өздөрүнүн долбоорлорун берүү сунушу айтылды. Жок дегенде өз ара чоң пикир алмашуу башталды. Эки уюм тарабынан бирге каралып жана талкууланып жаткан адам укуктарынын сакталышын, гендердик теңчиликти жана кылмыш-жаза сот адилеттигинин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоону баалоо боюнча мониторинг механизми албетте, биздин укуктарыбызды коргоодо чоң роль ойнойт.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.






