Мазмунга өтүү

2024-жылдын 25-июнунда “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу системасындагы мекемелерде кармоонун гумандуу шарттарынын укуктук кепилдиктерин камсыздоо” темасында тегерек стол болуп өттү.

2024-жылдын 25-июнунда “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу системасындагы мекемелерде кармоонун гумандуу шарттарынын укуктук кепилдиктерин камсыздоо” темасында тегерек стол болуп өттү.

2024-жылдын 25-июнунда кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүн утурлай, «Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу системасындагы мекемелерде кармоонун гумандуу шарттарынын укуктук кепилдиктерин камсыздоо» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

1997-жылы Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясына кошулган, ал эми 2008-жылы өлкө кыйноолорду болтурбоо үчүн алдын алууга бара турган системаны түзүүгө багытталган БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколун ратификациялаган.

Мындай системанын механизмдеринин бири кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор болуп саналат, анын мандаты кыйноолорду колдонуунун мыйзамченемдүүлүгүн жана системалуу тобокелдиктерин аныктоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө абактагылар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөтүлүп, ага ылайык респонденттердин 86 пайызы түзөтүү мекемелеринде өздөрүн коопсуз сезе баштаган. Сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыларды белгилешкен. Ал эми 62 пайызы үй-бүлөсү, ага-туугандары жана достору менен байланышуу мүмкүндүгүнүн жоктугун билдиришкен. Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы долбоорлорунун менеджери Стилианос Дендринос мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуудагы кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун маанилүү ролун белгилеген.

IPHRдин долбоордук консультанты Динара Идирисова долбоор иштеп чыккан кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумуна мониторинг жасоо методологиясын ийгиликтүү пайдаланган “Акыйкат Карегинин” тармактары аркылуу, кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборго долбоор аркылуу колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.
Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламент депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Иш-чараны кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор, “Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк” (IPHR) жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду Европа Биримдигинин, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жана ЕККУнун колдоосу менен уюштурушкан.


Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз