Мазмунга өтүү

КР кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду

КР кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду

“Акыйкат Кареги” сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун улуттук тармагынын ишинин алкагында, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, сактоо жана чыңдоо, кылмыш-жаза сот адилеттиги системасындагы мыйзамдуулуктун сакталышын илгерилетүү жана тармактын бардык катышуучуларынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташтыкты орнотууга жол ачат. 


Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз