Бишкекте 2023-жылдын 13-ноябрынан 15-ноябрына чейин «Акыйкат Кареги» тармагынын мүчөлөрү үчүн методикалык сессия өткөрүлдү

2023-жылдын 13-ноябрынан 15-ноябрына чейин «Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагына» кирген 11 коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн методикалык сессия болуп өттү.
“Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” (IPHR) бейөкмөт уюмунун долбоордук менеджери Динара Идирисова, сот адилеттигин калыптандырууда жана мыйзамдуулуктун принциптерин сактоодо жарандык коомдун маанилүү ролун белгиледи.
«Жарандык коом – бул мамлекет менен коомдун ортосундагы байланыш, ал бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана жакшыртуу муктаждыктарын аныктоо, андан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылуу менен гана чектелбестен, айкындуулукту, ак ниет башкарууну жана сот адилеттиги системасындагы ар кандай топтордун укуктарын сактоону камсыздоого жардам берет».
Сессиянын жыйынтыгы боюнча, уюмдар сот адилеттиги тармагына мониторинг жүргүзүү жаатында бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча макулдашышты.









Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





