Мазмунга өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ АДИЛЕТТИГИ СИСТЕМАСЫНЫН МОНИТОРИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ: ПРОКУРАТУРА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ АДИЛЕТТИГИ СИСТЕМАСЫНЫН МОНИТОРИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ: ПРОКУРАТУРА

Бул талдоочу отчет Европа Биримдигинин колдоосу менен “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында, эл аралык Revanta BV консалтинг компаниясынын эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалган.

Отчет долбоордун алкагында белгилүү эл аралык жана улуттук эксперттер иштеп чыккан комплекстүү Кылмыш-жаза сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн методологиясына ылайык, 3-тармакты (Прокуратура) камтыйт.  Бул “Акыйкат Кареги” улуттук тармагынын мүчөлөрү тарабынан жаңы методологияны колдонуу менен жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалган талдоочу отчеттордун сериясынын бөлүгү болуп саналат. 

Кылмыш-жаза сот адилеттигинин секторуна мониторинг жүргүзүү методологиясынын 3-тармагы болгон прокуратурада 4 индикатор (15 көзөмөлдүк көрсөткүч) бар, алардын эл аралык стандарттарга ылайык келери изилденип чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгында эксперттер тобу төмөнкүдөй олуттуу тыянактарды чыгарышкан:

  • Жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы, жалпы укук системасы жана сот адилеттиги сыяктуу жигердүү өнүгүү баскычында турат.
  • Прокуратуранын функциялары кыйла кеңири жана кылмышты куугунтуктоодон тышкары, прокурорлор коомдук айыптоочулар катары негизги ролдо.
  • Прокуратуранын институттук (тышкы) көз карандысыздыгы конституциялык мыйзамдын деңгээлинде кепилденет. Бирок Башкы прокурордун фигурасы депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кызматка дайындоо жана бошотуу жагынан саясий факторлордон көз каранды. Прокуратуранын сот адилеттигиндеги ролу так эмес; ал кылмыш саясатын түзбөйт жана кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттин негизги максаттарын жана милдеттерин аныктабайт.
  • Прокурордун функционалдык (ички) көз карандысыздыгы бир топ чектелген. Иш жүзүндө Башкы прокурорго чейинки жетекчиликтин колунда бардык ыйгарым укуктар борборлоштурулган жана прокурорго кысым көрсөтүү потенциалы абдан чоң. Жетекчи менен ага баш ийген адамдын иши боюнча конкреттүү маселеден чыр-чатак чыккан кырдаалда аны коргоо чаралары өтө чектелүү, ал эми тартиптик чаралардын жол-жоболору өтө тар жана бүдөмүк. Мындай система аткаруу бийлигинин вертикалдык жана иерархиялык системасын көбүрөөк эске салат, ал прокурордук өз алдынча башкаруу органдары жок болгон учурда кылмыш-жаза куугунтуктоо чөйрөсүндөгү прокурорлордун реалдуу көз карандысыздыгы боюнча ырастоого туура келбейт.
  • Ошол учурда прокурорлор конкурстун негизинде (баары эмес) прокуратура органдарына кызматка кабыл алынса, прокурорду которуу (алмаштыруу), кызматтан бошотуу (кызматты токтотуу) жана сыйлоо боюнча объективдүү критерийлердин негизинде жана ачык-айкын чечиле турган көптөгөн маселелер бар. Иш жүзүндө прокурордун карьералык мүмкүнчүлүктөрү анын жетекчисинин колунда жана анын кесипкөйлүгүнө негизделбейт.
  • Прокурорлорду каржылоо жетиштүү болгону менен, ал судьялардын эмгеги үчүн төлөнүүчү сый акыга шайкеш келбейт. Мындан тышкары, негизги басым эмгек акынын өлчөмүнө эмес, социалдык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө – медициналык жана санитардык-курорттук жардамдан баштап турак-жай фондусуна жана олуттуу атайын төлөмдөргө чейин басым жасалат. Бул баш ийген прокурорлорду жогору турган жетекчилердин эркине көз каранды абалга алып келет, демек, алардын көз карандысыздыгына өбөлгө түзбөйт.

3-тармак прокуратура боюнча жалпы жыйынтыктоочу баа: мүмкүн болгон 15 упайдын 3 упайын түзөт.

Негизги сунуштар төмөнкү концептуалдык маанилүү маселелерге тиешелүү, зарылдыгы боюнча атап айтканда:

— прокуратуранын функцияларын кылмыш куугунтуктоо функциясына чейин кыскартуу;

— прокурордук өз алдынча башкаруу органдарын киргизүү;

— Башкы прокурорду кызматка дайындоо жана бошотуу тартибин саясаттан арылтуу;

— прокурорлордун көз карандысыздыгына карата коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү;

— дисциплинардык жол-жоболорду анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө карай, ал эми тартиптик жазаларды жана жоруктарды жасалган жорук менен ал үчүн жазанын ортосундагы пропорционалдуулукка карай салмактоо менен жакшыртуу;

 — прокурордун ишинин натыйжалуулугун баалоонун объективдүү системасын киргизүү;

— кол алдындагыларга карата жетекчилердин кызматтык ыйгарым укуктарын кыскартуу;

— эмгек акыларды судьялардыкына шайкеш келе тургандай жогорулатуу;

— прокуратура кызматкерлерин материалдык жактан камсыз кылуунун колдонулуп жаткан чараларын жогорку эмгек акыга жана камсыздандыруу механизмине алмаштыруу.

Бул сунуштарды ишке ашыруу эл аралык стандарттарга жооп берген жана коомчулуктун ишенимин бекемдеген көз карандысыз, кесипкөй жана эффективдүү прокуратура системасын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Отчетту китепканага жүктөп алууга болот – отчеттун толук көлөмү орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү, резюме англис тилинде.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун жоопкерчилигинде жана сөзсүз эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз